•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

УКМКнын имаратынын терезесинен Алмазбек Атамбаев жакындарына кол булгалады (видео)

Бүгүн 4-сентябрда  Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочулардын апелляциялык арызы каралууда.

Алмазбек Атамбаев сыртта турган жакындарына УКМКнын имаратынын терезесинен кол булгалады. Ал жакта Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр Атамбаев, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана башкалар болгон.

Атамбаевдин терезеден кол булгалаганын көргөн жакындары аябай кубанышты.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттары  Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, жана Карамат Орозова менен көрүшкөн. Бул тууралуу Кодуранова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *