•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Юридикалык академиянын аталышы өзгөрдү

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети болуп өзгөрдү. Бул тууралуу Bilim.akipress жазып чыкты.

Анда айтылгандай, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-июлда кол койгон.

Өкмөттүн токтому окуу жайдагы кадрларды даярдоону жакшыртуу максатында кабыл алынган. Мындан сырткары окуу жай  юриспруденция, экономика, башкаруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү максатын көздөйт.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *