•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Жогорку Кеңештин төрагасы: Парламенттин тарашына эч кандай негиз жок

Парламент өз мөөнөтүн бүтүрбөй тарайт деген кептер коомчулукта айтылып келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдирүүсүн Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Төрага Дастанбек Жумабеков: “Азыркы учурда парламенттин тарашына эч кандай негиз жок. Андай демилге же сунуш да жок. Жогорку Кеңешти таратуу жол-жоболору Баш мыйзамыбызда так белгиленген”, – деп билдирген

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *