Үч күн ичинде пневмониядан 43 бейтап каза болгон

Үч күн ичинде пневмониядан 43 бейтап каза болгон

март айынан 2-июлга чейин коронавируска анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып невмониядан каза тапкан бейтаптардын саны 97ге жетти. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Ал эми пневмония жуктуруп алган  бейтаптардын саны – 1247. Алардын 112си реанимацияда жатат. Оор абалдагылардын жалпы саны 337 адам. 

Бардыгы болуп пневмония 1971 бейтаптан аныкталган, алардын ичинен айыккандардын саны 627 адам.

29-июнь күнү саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 54 адам пневманиядан каза тапканын брифинг учурунда айткан.

29-июндан 2-июлга чейин  бул оорудан каза болгон жаңы 43 учур катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>