logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Өкмөт башчы эмгек өргүүдөгү медкызматкерлерди ишке чакыруу тапшырмасын берди

Өкмөт башчы эмгек өргүүдөгү медкызматкерлерди ишке чакыруу тапшырмасын берди

Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

«Ар бирибизге эс алуу керек. Бирок эпидемиологиялык абал бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Ооруп калган жарандарга азыр, ушул жерде жардам берүү кажет. Биринчи кезекте адамдар медицина кызматкерлеринин көмөгүнө муктаж. Алар бүгүн өлкөгө абадай зарыл болуп турат. Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш», — деди Кубатбек Боронов. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча  бүгүнкү күнү медкызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүсүндө.  

«Дарыгерлер силердин өтүнүчтү туура түшүнүп, жакында ишке чыгышат деп ишенем. Учурда оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келди. Ошондуктан Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат», — деп белгиледи премьер-министр. 

Кубатбек Боронов республика боюнча  иштеген медицина кызматкерлерин талдап чыгып, ар бир медкызматкерди COVID-19га каршы күрөшүүгө чакырууну тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>