ӨКМ: Жумгал жана Чаткал райондорунда сууга аккан эки адамдын сөөгү табыла элек

ӨКМ: Жумгал жана Чаткал райондорунда сууга аккан эки адамдын сөөгү табыла элек

Жумгал жана Чаткал райондорунда сууга аккан эки адамдын сөөгү табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, куткаруучулар Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен 55 жаштагы адамды 17-июлдан бери издеп жатышат.

Чаткал районунун Чатккал дайрыясына 21 жаштагы жигит 19-июлда түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда ал Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Учурда коңшу өлкөнүн куткаруучулары издөө иштерине көмөктөшүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>