Өткөөл учурдун өкмөт башчысы отуз төрткө чыкты

Өткөөл учурдун өкмөт башчысы отуз төрткө чыкты

Бүгүн, 13-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туулган күнүн белгилөөдө. Ал 34 жашка толду.

Новиковду социалдык тармактын колдонуучулары куттукташууда.

Куттуктоо сөздөрдө анын мыктылыгын, президент 3 жылда аткарбаган ишти жасап жатканын, өзү жаш болсо да тажрыйбасы мол экенин жана башка жылуу сөздөр өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун «Фейсбуктагы» расмий баракчасында арнашууда.

[su_image_carousel source=»media: 54058,54059,54060″ crop=»none» autoplay=»4″]

Артём Новиков 1987-жылы 13-январда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Кыргыз мамлекеттик жана саясий ишмери, окумуштуу-экономист, экономика илимдеринин кандидаты. 2020-жылдын 14-ноябрынан тартып Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу. Убактылуу премьер-министр болуп дайындалганга чейин, 2020-жылдын 15-октябрынан баштап, ал биринчи вице-премьер-министр болгон. 2017-жылдын августунан 2018-жылдын апрелине чейин республиканын экономика министри болгон. Ага чейин ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Новиков өз кезегинде баскетбол ойногонун, математиканы жакшы көргөндүктөн банк кызматкери болууну каалаган, бирок мамлекеттик кызматка барууну чечкен.

Жаш мамлекеттик кызматкердин атасы деңиз капитаны, ал дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып келген. Бирок Новиков төрөлгөндөн бери (постсоветтик мезгил) башка өлкөлөрдө иштеп, ишкердик менен алектенип келген. Апасы гимнастика боюнча машыктыруучу.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>