Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Өкмөттүн жообу

Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Өкмөттүн жообу

Өзгөчө абалды Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат? Мындай суроо биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновго журналисттер тарабынан берилди.

Боронов: “Бул жөнүндө азырынча айтуу кыйын. Анткени бул маселе мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды эмес, бул бардык жарандардан жана эпидемиялык кырдаалдан көз каранды болот. Учурда бекитилген чектөөлөрдү карманып, өтө зарылдык жаралбаса, шаар ичинде жүрбөшүбүз керек. Бул биздин жарандык парзыбыз”, — деп жооп берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда карантин 10-майга чейин узартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>