Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Мындай маалыматты бүгүн, 5-майда брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ооруканадан чыккан бейтаптар төмөнкү аймактарда: Бишкек ш. – 2
Ош ш. – 18
Ош облусу — 3
Нарын облусу — 2.
Республика боюнча жалпы 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.