Кыргыз Өкмөтү 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кычкылтек концентраторлору бүгүн чартердик каттам менен Кытай Эл Республикасынан алып келинген.
Белгилей кетсек, жуманын башында Кыргыз Өкмөтү тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн.
Мобилдик кычкылтек концентраторлорун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жуманын башында башталган. Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин ыкчам ишинин натыйжасында мобилдик концентраторлор кыска мөөнөттө республикага жеткирилген.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келди, кийинки 500 даана партия өлкөгө келерки жумада жеткирилет.
«COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бүгүн өлкөгө жеткирилген мобилдик кычкылтек концентраторлору өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет», — деди Аида Исмаилова.
Вице-премьер-министр белгилегендей, кычкылтек концентраты ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлөт.