Коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарга кызмат боюнча жардам көрсөтүп вирус жуктуруп алган учурда, медицина кызматкерлерине 200 миң сом компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Өкмөттүн буйргуна ылайык, иш учурунда курман болгон медицина кызматкерлеринин туугандарына 1 млн сом берилет. Ошондой эле төлөө эмгек кодекси менен аныкталат.