Өкмөт кайрадан мектептер менен бала бакчаларды ачууну талкуулай баштады

Өкмөт кайрадан мектептер менен бала бакчаларды ачууну талкуулай баштады

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлдөрү жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат беришти.

Ар бир калктуу конуштагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен мектептерди этап-этабы менен ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе да каралды.

«Ар бир калктуу пункттун эпидемиологиялык абалына талдоо жүргүзүү шарт.

Бизде толук жана ишенимдүү маалымат болушу керек. Мектептер менен бала бакчалар ачылган учурда, биз эпидемиологиялык кырдаалдын ар кандай учуруна даяр болушубуз зарыл», — деди Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр Исмаилова мектептер ачылса, бардык мамлекеттик органдар жергиликтүү деңгээлде көзөмөлдү күчөтүү жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритминин так аткарылышы үчүн жоопкерчиликти алышы керектигин баса белгиледи.

Аида Исмаилова Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоо керектигин айтты.

Ошондой эле ал эпидемияга каршы чараларды сактоо үчүн мектептердин жана бала бакчалардын бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>