Өкмөт муктаж үй-бүлөлөрдүн тамак-ашына 200 млн сом бөлдү

Өкмөт муктаж үй-бүлөлөрдүн тамак-ашына 200 млн сом бөлдү

Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан кабаралашты.

Чечимге ылайык, Финансы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу катмарын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды.

Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчилик алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>