Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегация Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Маалымдама:
Керкидон суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.
Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы Токтомдору менен Керкидон суу сактагычынын обьектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидон суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.
1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берилген.
2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган: Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер).
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Келишимге «Керкиндон суу сактагычы» жана «Полигон» тилкелери жазылган жана кошулган.
Белгилей кетүүчү жагдай, Араван районунун аймагындагы «Полигон» тилкесинин сызыгы 2001-чи жана 2002-жылдагы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керкидон суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош-Араван жолунан белгилүү бир аралыкка жылдырууга шарт түздү.