Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин экс-депутат Арзыбек Бурханов кадр саясатына түздөн-түз кийлигишкен, таасир эткен, көп маселени чечкен «көмүскө кардинал» деп айтылып келген.