Жумгал районунда жана Ош шаарында сууга аккан эки адамдын сөөгү изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
29-июль күнү Ош-Араван каналына түшүп кеткен эркек кишини 6 куткаруучу суунун деңгээли чоң болгондугуна байланыштуиздеп таба алган эмес. Бүгүн кайрадан издөө уланытлат.
Ал эми Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен 55 жаштагы адам 17-июлдан бери изделип жатат.
Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин июль айынын башында тараткан маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 57 адам сууга чөгүп каза болгон.