Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 5, Чүй 14, Талас 2, Жалал-Абад 3, Ош облусу 2.
Кырсыктын басымдуу бөлүгү турак үйлөрдөн жана короого жыйылган кургак чөптөрдөн келип чыккан.