Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта жана 1-3-апрель күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Аталган аймактардын өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде -4…-6° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирери айтылат.

Ошондой эле мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>