Өлкө башчы: Сот системасына болгон ишенимди бекемдөө керек

Өлкө башчы: Сот системасына болгон ишенимди бекемдөө керек

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Жолугушууда өлкөдөгү сот системасын мындан ары жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана сот акыйкаттыгын камсыз кылуу аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоодо сот органдарынын ролу өзгөчө экендигин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле калктын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө, аброюн жакшыртуу жана коомчулук менен байланышты жөнгө салуунун өзгөчө зарылчылыгын белгиледи.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын негизги багыттары жана ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>