Өлкө боюнча 170 миӊ аз камсыз болгон үй-бүлө гумжардам алды

Өлкө боюнча 170 миӊ аз камсыз болгон үй-бүлө гумжардам алды

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 170 миӊ 16 муктаж болгон үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен “Жардам Штабы” аркылуу азык-түлүк жардамын Бишкекте 13 миң 217 үй-бүлө алды. Ошондой эле башка каналдар аркылуу 20 миң 888 үй-бүлөгө жардам берилди.

Ошто – 7 миң 235, Чүй облусунда – 29 миң 153, Ош облусунда – 38 миң 405, Баткен облусунда – 7 миң 654, Жалал-Абад облусунда – 25 миң 397, Нарын облусунда – 5 миң 249, Талас облусунда – 6 миң 623, Ысык-Көл облусунда – 16 миң 195.
Калган үй-бүлөлөргө жардам таратуу уланып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>