Өлкөдө бир айда күйүүчү майлар 11,5% жогорулады

Өлкөдө бир айда күйүүчү майлар 11,5% жогорулады

Өлкө аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары бир айда 11,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-мартка карата АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 42,63 сомду түзгөн жана февралга салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөн. Ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 40,87 сомду түзгөн же 7,2 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда, бензин менен солярканын чекене баалары Баткен  облусунун аймагында эң жогорку баада экени аныкталган. Ал аймакта бир литр бензин 47,12 сомго, солярка 46,10 сомдон сатылып жатканы кабарланат.

Бензиндин бааларынын эң жогору өсүшү бир ай мурункуга салыштырмалуу Покровка айылында — 18,6 пайызга, Талас — 16,0 пайызга, Кербен — 14,4 пайызга, Баткен шаарында — 14,1 пайызга өскөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>