Кыргызстанда илдет жуктурган 41 адамдын абалы өтө оор. Алар учурда дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, стационарда 806 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
12 адам (1,4%) — канааттандыраарлык абалда;
515 (63,8%) — орто оордукта;
238 (29,5%) — оор абалда;
41 (5%) — өтө оор абалда.
1047 бейтап — амбулатордук дарыланууда.