Сейсмология институту 27-ноябрь күнү таңга маал Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын кабарлады.
Ал Ош облусунун Ноокат районун Жайылма жана Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.