COVID-19 илдетинин жаңы 44 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Соңку сутка ичинде 2530 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, 44 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды. Жаңы учурлар Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында катталган эмес.
Ал эми COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдеттен 46 бейтап сакайган.