Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт

Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу Бабанов өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Өмүрбек Бабанов кечээ, 5-ноябрда президенттин милдеттин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолуккан.

«Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз.

 5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар!

Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.

Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар!

Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын Президентинин кызматына өз талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим. Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдым», — деп жазган Бабанов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>