Өмүрбек Бабанов кичи мекени Талас облусуна дары-дармектерди жөнөттү. Бул тууралуу саясатчы өзү Фейсбук баракчасына жазды.
Анда ал Таластан дайым кабар алып турарын, ошондуктан азыр алар өтө муктаж болуп турган дары-дармектерди жөнөтүү чечимин кабыл алганын айткан.
Мындан тышкары аталган дарылар эртең Таласта таркатыла баштарын, аны Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев таратарын айткан.