2019-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 28 миллиард 112 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
«Тышкы карызга дээрлик 14 миллиард сом кетсе, ички карыз үчүн 14 миллиард 112 миллион сом жумшалган», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Өткөн жылдын 31-октябрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 530 миллион долларды түзгөн