Өткөн жылы Кыргызстанда кыздарга караганда эркек балдар көп төрөлгөн. Бул тууралу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Аталган кызматтын маалыматына ылайык, 2019-жылы ЖААК органдары тарабынан 173,5 миң ымыркайлардын төрөлүшү катталса, алардын 48,8% кыздар, 51,2% эркек балдар. 2018-жылга (171149) салыштырмалуу бул көрсөткүч 2 миң 351ге көп.
Төрөлүүнү каттоо көп болгон аймактар: Ош облусунда 48 миң 952, Жалал-Абад облусунда 32 миң 272, Бишкекте 29 миң 630.
Төрөлгөндөрдн санын каттоо аз болгон аймактар: Талас облусунда 6 миң 9 болсо, Нарын облустунда 6 миң 39.
Алыскы чет өлкөлөрдө төрөлгөн кыргызстандыктарды каттоодогу көрсөткүчтөрдү алып карасак, Түркия-54, Түштүк Корея-52. АКШ, Канада, Швейцарияда жана Сауд Арабиясында төрөлгөндөрдү каттоолор 30дан ашык.