Мирзиёевдин айтымында, бул Өзбекстанда жашап жаткан болжол менен 50 миң адамдын жарандык алуу маселесин чечет. Президент парламентти бул сунушту карап чыгып, 1-майга чейин тиешелүү мыйзам долбоорун даярдоого чакырды.
Мирзиёев ошондой эле ички миграция тармагындагы саясатты либералдаштыруу жана айыл тургундарынын Ташкентте иштөөсүнө тыюу салган союз мезгилинен бери сакталып келаткан системаны жоюу пландары жөнүндө айтты.
«Жүз миңдеген өзбекстандыкты башка өлкөлөрдө жумуш издөөгө аргасыз кылган бул тажрыйбадан баш тартууга мезгил келди», — деди ал.
Мындан тышкары Мирзиёев мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн Коомдук палата түзүү ниетин билдирди.