Мамлекет башчынын айтымында, өлкө жашоочулары жумушка, ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө баруу үчүн жеке автоунааларын эртең менен 7:00дөн 10:00гө чейин, кечинде 17:00дөн 20:00гө чейин колдонсо болот. Мындан тышкары жарандарга балдары менен үйдөн алыс эмес жерде сейилдөөгө, айыл-чарба азыктарын облустар жана шаарлар ортосунда ташууга уруксат берилет.
Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда 2002 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен сегиз бейтап каза болуп, 1096сы айыгып чыкты.