Министрдин орун басары Дильшод Кенжаевдин мектептерге жөнөткөн катында колдонууга сунушталган ыр саптардын, обондуу ырлардын жана видеотасмалардын тизмеси жазылган.
Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги «Жаңы Өзбекстан — жаңы көз караш» өнөктүгүнүн алкагындагы бул иш-чара «элге реформалардын маанисин жеткирүү» жана «адамдардын көңүлүн көтөрүү» үчүн уюштурулуп жатканын белгиледи.
Июндун аягында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облусуна барып, жергиликтүү окуучулардын аттестаттарында «жок дегенде бир музыкалык аспапты өздөштүргөнү үчүн» деп баа коюлушу керектигин билдирген. Мамлекет башчы кийин бул тажрыйбаны өлкөнүн бардык мектептерине жайылтуу зарылдыгын айткан. Мындан тышкары ишембини музыка күнү деп жарыялап, ишканалар менен жогорку окуу жайларда элдик ырларды коюп турууну сунуштаган.
Быйыл март айында Мирзиёев Маданият министрлигине тургундардын китеп окуу маданиятын жогорулатуу үчүн маалелерде китепканаларды, маданият үйлөрүн, кинозалдарды, ыр жана искусство ийримдерин уюштуруу тапшырмасын берген.