Кыш мезгили башталганда Элдик билим берүү министрлиги мектептерди жылытууга жергиликтүү администарциянын өкүлдөрү жооптуу болорун эскерткен.
Буга чейин балдары мектепте окуган ата-энелер класстар жылытылбай жатканынына наарызы болушкан. Декабрда окуучулар 0 градустан төмөн температурадагы класстарда билим алып, көбү ооруп калган.
Хатырчин районунун мектеп психологу Сафаргүл Боймирзаева дистанттык окууда балдар жетиштүү деңгээлде билим албай жатканын айтып, окуучуларды тезинен мектептерге кайтарууну өтүндү. Бул үчүн адегенде балдарды жылуу класстар менен камсыздоо керек.
» Хатырчин районунда айрым үй-бүлөлөрдө компьютер, смартфон же Интернет жок. Негизги көйгөй – калктуу конуштарда электр энергиясы тартыш болууда. Эгер электр кубаты өчүп калса, дистанттык окуу да болбойт. Балдар үчүн ар бир саат, ар бир күн маанилүү. Ошондуктан мектептерди жылытып, балдарды салттуу окутууга өткөрү өтө маанилүү”, — деди ал.
Расмий маалымат боюнча Өзбекстанда 10 миңдей мектепте 6 200 000дей окуучу билим алат, жарым миллиондон ашык мугалим иштейт.
Былтыр 16-мартта өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталгандан кийин окуу мекемелери жабылып, балдар каникулга тараган. 2020-жылы 30-марттан тартып окуучулар аралыктан билим ала башташкан.
Элдик билим берүү министрлиги 2020-2021-жылы окуу жайлар салттуу окутуу форматына өтөрүн жарыялаган. Бирок пандемияга байланыштуу айрым жерлерде дистанттык окутуу дале уланууда.