Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тосуп алды.
Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.
Мындан тышкары Өзбекстанстандын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.