Кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын эки жараны 240 миң сомдук аткезчилик жүк менен кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 2-августта кабарлагандай, жүктү 28 жана 29 жаштагы жарандар ташып бараткан.
“Чек арачылар Өзбекстанга багыт алган Hyundai-Porter унаасын текшерүүгө алганда тийиштүү эч кандай документтери жок 24 миң даана лампочка табылган”, -деп жазылат билдирүүдө.
Факты боюнча тиешелүү документтер түзүлүп, материалдар Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө жиберилеген.