Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде чогулган Өзгөн районунун тургундары бир катар саясатчыларды 28-апрелде улана турган нааразычылык акциясына келүүгө чакырды.
Алар президент Садыр Жапаров, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров, Жеңиш Молдокматов жана башка саясатчыларды чакырышты.
Иш-чарага 500гө жакын эл чогулуп, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди эл менен жолугуп кетүүсүн талап кылышты.