Өзгөндө «Республика» партиясынын тарапташы өлтүрүлдү

Өзгөндө «Республика» партиясынын тарапташы өлтүрүлдү

«Республика» саясий партиясынын тарапташы Замир Ормон уулу Ош облусунун Өзгөн районунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Республика» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржанов билдирди.

Өлтүрүлгөн жаран 2020-жылдын 30-сентябрында алдын ала маалымат боюнча бычактан алган жаракаттан каза болгон.

Партиянын маалыматына караганда, парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, уруп-сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталды.

«Партиянын лидеринин жана жалпы жамаатынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз ушул оор мезгилде кайгысын жана жоготуусун бөлүшөбүз. Адам өмүрүнөн өтө маанилүү жана баалуу эч нерсе жок экендигин биздин оппоненттерге эскертебиз. Парламенттеги мандат бир да жарандын өмүрүнө арзыбайт», — деди ал.

Мындан тышкары Туржанов Чүй облусунун Панфилов району боюнча «Республика» штабынын башчысы Д.Б. Болотовго «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү ачык кысым көрсөткөнүн билдирди.

«Нарын районунун Алыш айылында «Республика» партиясынын дагы бир агитатору сабалган. Жабыр тарткандын айтымында, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлүн сабап, анын кесепетинен ооруканага түшкөн. Сабоо фактысы боюнча КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүш катталды. Ошондой эле, ушул эле аймактын Эмгек-Талаа айылында биздин колдоочубуз Болот уулу Денисакка «Биримдик» саясий партиясынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан кысым көрсөтүлүүдө.

Киши өлтүрүү менен системалуу түрдө уруп-сабоодон тышкары, биздин аймактык штабдын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, ишенимдүү адамдарга жана башка тарапташтарыбызга ар кандай провокациялар колдонулуп, үгүт жана шайлоочуларга байланышкан иш-аракеттерди күч менен токтотуу биздин партиянын жана анын талапкерлеринин беделин түшүрүү боюнча масштабдуу провокациялар болуп жатат», — деп жазылат маалыматта.

 «Республика» саясий партиясы жогоруда айтылган иштерге байланыштуу оппонент болгон саясий партиялар, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан дагы одоно мыйзам бузууларына байланыштуу өтө тынчсыздануусун билдирет.

Аталган партия жогоруда айтылган кылмыштарга байланыштуу  укук коргоо органдарынан ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүүнү жана Башкы мыйзамда каралган тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылабыз. Мындан тышкары, саясий оппоненттерин мыйзамдуулукка жана зомбулукту колдонуудан баш тартууга чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>