№28 мектеп №70ке кошулат. Мэрия кандай өзгөрүүлөр күтүлөөрүн айтты

№28 мектеп №70ке кошулат. Мэрия кандай өзгөрүүлөр күтүлөөрүн айтты

№28 мектеп билим берүү сапатын жакшыртуу жана имаратты натыйжалуу колдонуу үчүн №70ке кошулат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек мэриясынан кабарлады.

Окуу жайлары бириккенден кийин билим берүү үч багытта жүрөт:

  • Баштапкы бөлүк (1-4-класс) – №70 мектептин имаратында;
  • Орто бөлүк (5-8-класс) — №28 мектепте;
  • Жогорку бөлүк (9-11-класс) — №70 мектепте.

«№70 мектеп Бишкектеги эң мыкты 20 билим берүү мекемесинин катарында турат. Бүтүрүүчүлөрү жыл сайын «Алтын сертификат» жана «Алтын тамга» алышат. №28де иштеген мугалимдер жана башка жумушчулардын орду кыскарбайт. Окуучулар эки имаратка бөлүнгөндүктөн класстар балдардын саны дагы көбөйбөйт», — дейт мэрия.

Белгилей кетсек, бул чечимге 28-мектептин ата-энелери каршы чыгып, кол топтошууда.

Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>