1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылынат

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылынат

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык. чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргызcтанга кирүү үчүн эмделүү макамынан көзкарандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек.

«Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Саламаттык сактоо министрлиги «omicron» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизимин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат»,- деп айтылат маалыматта.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы маселеси боюнча шашылыш консультация өткөрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>