10-июль: Кыргызстанда дагы 511 адамдан коронавирус аныкталды

10-июль: Кыргызстанда дагы 511 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 511 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 10-июлда өткөн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —260 адам. Ош шаарында 27, Чүй облусунда 104, Ош облусунда 20, Нарын облусунда 26, Ысык-Көл облусунда 26, Жалал-Абад облусунда 29, Баткен облусунда 16, Талас облусунда 3 адамга илдет жуккан.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 41 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми 6 адам каза болгон.

18-марттан 10-июлга чейин өлкөдө жалпы 9358 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2134 адам илдеттен айыккан. Жалпы бул 122 оорудан каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>