Президент Садыр Жапаров интернет жана ЖМКда жалган маалымат тараткан адамдарга айып пул салууну караган мыйзамга кол койду. Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Ага ылайык:
- Жеке адамдарга — 20 миң сом,
- Юридикалык жактарга — 65 миң сом айып салынат.
Бул мыйзам жалган маалыматтын жайылышын токтотуу жана жарандардын абийири менен кадыр-баркын коргоо максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, буга чейин интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн да айып пул каралган мыйзамдар кабыл алынган.