Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
№13 округдан кайра парламенттик шайлоого катышуу үчүн 4 жаран арыз берди
14.01.2026 | 16:16

№13 округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 4 жаран арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳт. Шайлоого талапкер болууну каалагандар арыздарды 29-январь саат 18:00гө чейин бериши керек.
2025-жылдын 30-ноябрында парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрда, №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Буга бул округга караган 35 шайлоо участкасындагы мыйзам бузуулар себеп болгон. БШК аталган участоктордо катталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз камераларды орнотуп, шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганын маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат