14 жашар кыздын өлүмүнөн соң мамкатчы үн катты

14 жашар кыздын өлүмүнөн соң мамкатчы үн катты

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыш иштери, алардын алдын алуу жана мындай кылмыштарга баргандарга жаза берүү маселеси боюнча өз пикирин билдирди.

Мамлекеттик катчынын билдирүүсү: 

Ушу тапта эрезеге жетелек балдарга карата нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган оор кылмыштар менен жосунсуз жоруктардын кескин өсүп жатышы коомчулукту абдан тынчсыздандырууда. Мен жакында эле аялдарга жана балдарга карата жасалган мындай жоболоңдуу окуяларды көз жаздымда калтырбай, ашынган кылмышкерлерге эле эмес, кылмышты жашырып-жабууга аракет кылган баардык жактарга карата да мыйзамдуу чараларды көрүү жаатында бир нече жолу атайын кайрылуу жасагам. Керек болсо, кылмыш мыйзамдарын дагы катаалдаштыруу керек!..

Тилекке каршы, айтып оозду жыя электе, Кадамжайда 9-класстын окуучусун топтошуп зордуктоо жана муунтуп өлтүрүү фактысы катталып отурат. Көрсө, үч зөөкүр чаламандын чак түшүндө бирөөнүн чырактай жалгыз кызын кордоп-зордоп өлтүрүп салышыптыр. Албетте, мындай өтө оор кылмышка шектелген немелер изин суутпай кармалды жана камалды, эми алар мыйзамдуу жазасын алат. КР Президенти Садыр Жапаров да бул ойго келгис өзгөчө оор кылмыш экенин баса белгилеп, кылмышты тергөө жүрүшүн жеке өзүнүн көзөмөлүнө алды.

Ошентип, бул жоболоңдуу окуя коомчулук арасында Кымыш кодексине кайрадан өлүм жазасын киргизүү-киргизбөө маселесин козутууга жем таштады. Бул маселе парламент жыйынында да көтөрүлүп, депутаттар арасында кызуу талаш жаратты. Арасында өлүм жазасын киргизүүнү жактагандар да бар, ага каршы болгондор да бар. Мыйзамга кылмышкерлерди бычуу чарасын киргизүүнү сунуштагандар да жок эмес. Кыскасы, баягы эле көп жылдан бери бүтпөгөн талаш-тартыш жанданып турган чагы.

Аялдар менен балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийликтин артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. “Үй-бөлө – кичи мамлекет” демекчи, байыртан эле кыргыз коомунда үй-бүлө институту мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалы болуп келген. Ары-бери кылчактабай эле, эми аялдар менен балдарга карата жасалган зордук-зомбулук кылмыштарын үй-бүлөгө карата урулган оор сокку катары кабылдасак болот. Чындыгында ушундуй!..

Маселен, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кыздарды мажбурлап никеге тургузуу учуру катталса, анын 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Быйыл деле андай кылмыштардын азайганы байкалган жок. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында 500 кылмыш иши катталды, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмышка кирет. Ал эми жалпы коомчулукка билинбей, караңгылык капшытында катылуу бойдон калганы канча…

Менимче, “тараптардын жарашуусу” же “никелешти – бири-бирин кечиришти” деген сындуу болбогон шылтоолор менен зордукталган кыздардын зордоп никеге тургузулуп, “көз жумду – иш бүттү” кылынышына, алардын келечек тагдырына балта чабылышына жол бербешибиз керек. Эгерим жупташпай турган жубайлардын, ошондой бүлөдө өскөн балдардын келечеги кандай болот, аларга ким каралашат, ким багат, ал баарыга белгилүү. Демек, муну менен кошо мамлекеттин келечегине да кош миздүү балта чабылып жатпайбы.

Бул жерде коомдук пикирдин эч нерсеге арзыбай калганы, аны менен кошо жандүйнөнүн жардыланышы, нарк-насилдин кеткени, каада-салттан чыкканы, таалим-тарбиянын жоктугу, адамдык абийирдин кеткени, ар-намыстан ажыраганы, акыл-эстин пастыгы айкын эле көрүнүп турат. Дагы айтам, андай немелерди адам деп айтууга да ооз барбайт. Ошондой оор кылмыштарды жашырып-жапкан жактар, айрыкча укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигинен тышкары калбаш керек.

Мен парламентте 30 жылга жакын жетекчилик кызматтарда иштегендиктен, кезинде кылмыш-жаза мыйзамдары кимдер тарабынан кантип «гумандаштырылганын», бир катар катаал мыйзамдык чаралар кыйла жеңилдетилген мөөнөттөр менен алмаштырылганын жакшы билем. Акылына эми келгенби, алардын арасында кайрадан өлүм жазасын киргизиш керек деп кыйкырып жаткандар дагы бар, бирок кетирген катасын мойнуна алагысы жок. Мына ушундай өпкө чаба өзгөрүлмө дүйнө шок…

Жакында Кылмыш кодексине киргизилген түзөтүүлөр боюнча мыйзам күчүнө кирди. Мыйзам жоболоруна ылайык, балдарды зордуктаган жактарга карата кылмыштын өтүү мөөнөтү алынып салынды. Андай өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдар мурда 11-15 жылга жазаланса, азыр 15 жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жазага тартылат. Андан тышкары, балдарга карата оор кылмыш жасаган адамдарга ырайым берилбейт, жаза мөөнөтүн толук өтөөдөн бошотулбайт,

Жарандардын, анын ичинде аялдар менен балдардын зордук-зомбулукка кабылышына жол бербешибиз керек, андан ашкан күнөө жок, аны эч ким эч нерсе менен жактай да албайт, актай да албайт. Кыскасы, кылмышкерлердин аргандай жолдор менен жоопкерчиликтен кутулуусунун купуя эшиктери менен тешиктери жабылды. Бирок, арабызда андайлар бар, четтен табылат. Ошондуктан, биз кимдир бирөөлөрдүн кылмыш менен мыйзамдын ортосуна арачы түшүүсүнө жол бербешибиз керек.

Ардактуу замандаштар, “Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар!” дейт, биздин жандүйнөбүздү балжууран бактылуу балалыктын шыңгыр күлкүсү гана көркүнө чыгарат, ишенген келечегибиз да ошолор. Мен силерди дагы бир ирет бул багытта биргелешип иш алпарууга чакырам!”.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>