Кыргызгидромет берген маалымат боюнча эртең, 16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.
16-августта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° болот.