Site icon Reporter.kg

16 жаштагы кызды зордуктаган шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп жаткан видео жарыяланды

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган жарандын үй-бүлөсү оокаттарын жыйыштырып, көчүп жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеодон шектүүнүн апасы “балам камакта жатат, а бизде эмне күнөө” деп ыйлаганын көрүүгө болот.

Жергиликтүү тургундар 7-декабрда шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүп кетүүгө 3 күн убакыт берген.

Окуя 5-декабрда болгон. Шектүү 1990-жылы туулган К.Н. 16 жаштагы кызды өз унаасына салып барып зордуктап, сабаган. Ал учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1де камакта.

Сокулук: 16 жаштагы кызды зордуктаган кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

Exit mobile version