Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган жарандын үй-бүлөсү оокаттарын жыйыштырып, көчүп жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Видеодон шектүүнүн апасы “балам камакта жатат, а бизде эмне күнөө” деп ыйлаганын көрүүгө болот.
Жергиликтүү тургундар 7-декабрда шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүп кетүүгө 3 күн убакыт берген.
Окуя 5-декабрда болгон. Шектүү 1990-жылы туулган К.Н. 16 жаштагы кызды өз унаасына салып барып зордуктап, сабаган. Ал учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1де камакта.
Сокулук: 16 жаштагы кызды зордуктаган кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти