18 жаштагы Муножат Салиева изделүүдө

18 жаштагы Муножат Салиева изделүүдө

Дайынсыз жоголгон Салиева Муножат Абдукахаровна изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ал 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун аймагындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.  Милиция кызматы жогорудагы кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында  коомчулуктан жардам сурап кайрылат.

Дайынсыз жоголгон Муножат Салиева 2002-жылы төрөлгөн. Бою 165-170 сантиметр. Жоголгон күнү үстүндө кара-ак түстөгү жемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийим менен жүргөн. Айрымдар кызды ошол күнү Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүнөн көрүшкөнүн айтышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо 03222-2-75-15, 0702-17-09-17, 0551-05-42-75 байланыш номурлары аркылуу маалымат берүүнү өтүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: издөө Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>