Аткезчиликке айыпталып издөөдө жүргөн казак жарандары кармалды

Аткезчиликке айыпталып издөөдө жүргөн казак жарандары кармалды

Өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөө жарыяланган казак жарандары Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалгандар бир нече адам болуп Кыргызстандан Казакстанга аткезчилик жол менен товарларды ташуу үчүн активдүү уюшулган топко мүчө болуп, аткезчилик менен алектенип жүрүшкөн.  Аталган топтун жетекчилери жана бир нече мүчөсү кармалып соттолгон. Ал эми айрымдаына издөө жарыяланган. Изделип жаткан адамдардын Кыргызстандын аймагында жүргөнү аныкталган.

Шектүүлөрдү криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин “Шумкар” атайын даярдыктагы жоокерлери Бишкектен колго түшүрүшкөн. Алар 29 жана 36 жаштагы Казакстандын жарандары болгон.

Кармалгандар Убактылуу кармоочу жайга киргизилип, топтолгон материалдар кийинки чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

Кармалган казак жарандары Алматы шаарында аткезчиликке  айыпталып соттолгон  Кыргызстандын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун  уюшулган аткезчилик тобуна мүчө экени айтылууда.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>