Кыргызстандын аймагында дагы 13 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 769а жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 3, Жалал-Абад облусу – 4, Ош облусу –1, Баткен облусу – 2, Нарын облусу – 1.
Айнура Акматова ошоной эле бир сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.
Вирустан сакайгандар төмөнкү аймактардын жашоочулары:
Бишкек шаары — 9, Ош облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 2, Нарын облусу — 11.
Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 527ге жетти. Оорудан 8 адам каза болгон.