200 миң сом пара талап кылган Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

200 миң сом пара талап кылган Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

200 миң сом пара талап кылган Эсептөө палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

УКМК ККК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын инспектору Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара талап алгандыгы аныкталды.

«2019-жылдын апрель айында Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган. Апрель айында аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Кийин калган жетпеген акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек», — деп жазылат малыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2019-жылдын 26-июлунда кармалган Э.К. күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз  берип, ошол эле күнү ага карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Ал эми Ш.М. карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган.

Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>