Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүүгө буйрук берди. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буйруктун негизинде техникалык тапшырыкчы катары — мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы аныкталган.
Жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат.
Ошондой эле Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен имараттын курулуш конструкциясынын учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынган.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуясы учурунда өрттөнүп кеткен.